Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:08

Чек арада күйгөн үйлөрдүн 400дөн ашууну Баткен районунда экени айтылды


Куралдуу кагылышта жабыркаган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.
Куралдуу кагылышта жабыркаган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжалда Баткен облусунда 640 турак жай жабыркаган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Абдыраев 14-октябрда маалымат жыйынында билдирди.

Жабыркаган 640 үйдүн 21и - Баткен шаарында, 444 үй - Баткен районунда, 175 үй Лейлек районунда.

Кыргыз-тажик чек арасында сентябрда болгон кандуу окуядагы кыйроолордон Кыргызстан тарткан зыяндын суммасы 8-8,5 миллиард сомдон (100 миллион долларга жакын) ашканын 13-октябрда “Азаттыкка” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирген. Анын айтуусунда, үй-имараттарды, инфраструктураны кайра ордуна келтирүү үчүн мамлекеттик резервден 3 миллиард сом которулган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра Бишкекти күнөөлөгөн.

Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылган. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жана башкалардын үйүндө жашап жатат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйраган турак жайлардын саны тууралуу расмий маалымат берген жок. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG