Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:39

Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду


Өкмөткө нааразылыгын билдирип чыккан студенттер. Иран, 12-октябрь, 2022-жыл
Өкмөткө нааразылыгын билдирип чыккан студенттер. Иран, 12-октябрь, 2022-жыл

Ирандын башкы судьясы демонстранттарга катаал чара көрүүнү буйруду. Ирандын сот бийлигинин башчысы Голамхоссейн Мохсени Эжеинин: "Мен сотторго негизги демонстранттарга, башаламандыктын катышуучуларына ырайым жоктугун, катаал өкүмдөрдү чыгарууну тапшырдым" деген сөзүн мамлекеттик ИРНА агенттиги жазды.

Буга чейин сотторду демонстранттарга каршы чара көрүүгө руханий лидер Аятолла али Хаменеи да чакырган.

Иранда адеп-ахлак полициясы хижабсыз жүргөнү үчүн кармап кеткен 22 жаштагы Махса Амини үч күндөн кийин каза болгон. Полиция ал жүрөгү кармап каза тапканын билдирген. Жакындары анын жүрөгү эч качан оорубаганын айтып чыккан. Күбөлөр кызды полиция кармоо учурунда катуу сабаганын билдиришкен.

Укук коргоо уюму Иранда толкундоолор башталгандан тартып кеминде 201 адам, анын ичинде 23 бала өлтүрүлгөнүн маалымдоодо. Иран өкмөтү толкундоолорду басуу максатында Интернетти дээрлик бүт өлкөдө өчүргөнү кабарланууда.

Буга байланыштуу нааразылыктар өлкөнүн 80 шаарларында тутанып, полиция менен кагылышуулар катталды.

Акцияларда аялдар жоолуктарын чечип ыргытып, чачтарын кесип жатат. Демонстранттар арасында өлкө лидери, аятолла Али Хаменеинин атына каршы “Хаменеи кулатылат!” жана “Диктаторго өлүм!” деп ураан чакыргандар болгон.

Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи митинг-демонстрацияларды “жер-жерде болгон тополоң” деп атап, "алардын артында Батыш турат" деп айыптады.

XS
SM
MD
LG