Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Бишкекте эркин медианы колдогондор жүрүшкө чыкты


Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү. 14-октябрь, 2022-жыл.
Сөз эркиндигин колдоо жүрүшү. 14-октябрь, 2022-жыл.

Бишкекте жарандык коом, журналисттер жана юристтер “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарына чабуулду айыптап, жүрүшкө чыкты. Алар бийликтен, укук коргоо органдарынан үч медианы жабуу талабы менен өткөн 13-октябрдагы акцияда айтылган коркутууларга чара көрүүнү талап кылышты. Чогулгандар Кыргызстанда сөз эркиндигине басым күчөп баратканы сынга кабылып, эркин медианы чектөөнүн кесепеттерин эске салышты.

14-октябрда Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарына каршы соңку аракеттерди сынга алган жарандык коом, медиа кызматкерлер Бишкекте жөө жүрүшкө чыгышты.

Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары 13-октябрда Бишкекте “Азаттык Медианын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылып акция өткөргөндөрдү сынга алышты.

Сөз эркиндигин коргоого чакырган жүрүш
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:15 0:00

Алар сөз эркиндигине ар тараптан атайын уюштурулган кысым башталганын эскертип, “Азаттыктын” алдында болгон акцияда журналисттерди опузалагандарды жоопко тартууну талап кылышты.

“13-октябрда болгон акцияда бети-башын жаап алган адамдар мыйзамга каршы чакырыктарды жасады. Бирок бийлик аларга чара көрбөй жатканы суроо жаратат. Ар бир мыйзамсыз ишке, чакырыктарга жооп бере турган учур да келет. Биз жалпыга маалымдоо каражаттарынын гана эмес адамдардын эркин ой жүгүртүү, аны билдирүү боюнча Конституциядагы укуктарынын чектелишине жол бербейли. Куугунтук, чек коюу менен алектенген канча деген президенттин тагдыры жаман аяктады. Алды куулуп, арты камакта отурат. Азыркы бийлик ошолордун тагдырын кайталап калбаш үчүн ЖМКлар менен ачык иштешкени оң”, - деди жарандык активист Атай Бейшенбек.

13-октябрда “Азаттыктын” кеңсесинин алдында акцияга чыккан 40тан ашуун кишинин көбү бетин жаап, камерадан качып, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан. Дээрлик бардыгы тең беткап, көз айнек тагынып келген. Акцияда модератор болгон Илимбек Исраилов “Азаттыктын” кызматкерлерин коркутуп, кийинки келгенинде имаратты өрттөп кете турганын айткан.

Акция болуп жаткан тапта “Азаттык Медиа” укук коргоо кызматкерлерине кабар берип, абалды милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турду.

“МедиаХаб” коомдук фондунун жетекчиси, журналист Али Токтакунов сөз эркиндигин колдоо боюнча жүрүштө акыркы окуяларды айрым чиновниктердин мыйзамсыз иштерин жашыруу далалаты катары баалады.

Ал жаап-жашырынып алып ар кандай чагымчыл акцияларды өткөргөндөрдү, анда мыйзамсыз чакырык жасагандарды жоопко тартууга чакырды.

Али Токтакунов.
Али Токтакунов.

“Чогулгандар “Бензин чачып өрттөйбүз. Журналисттердин колу-бутун сындырабыз” деген чакырыктарды жасады. Эгерде бирөө бийликке ушундай сын айтканда дароо камап, эртеси түрмөгө кесип жибермек. Ал эми чагымчыл чакырык жасагандар эркиндикте жүрөт. “Азаттык” милицияга арыз жазат экен деп уктум. Бул абдан туура. Саясатчылардын жетим жүгүрүктөрү, аларга тапшырма бергендер да жазасын алышы керек”.

"Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева 14-октябрда шаарынын Ленин райондук милициясынын башчысы Бактыбек Нарчаевдин атына Илимбек Исраилов аттуу жарандын аракеттерине байланыштуу арыз жазды.

“Кыргызстандын Конституциясы жалпыга маалымдоо каражаттарына мамлекеттик органдардан маалымат алууга, аларды жайылтууга жана ой-пикирди эркин билдирүү укугуна кепилдик берет. Өлкөдө цензурага жол берилбей турганы жазылган. Биз бул акцияга чыккандардын кыймыл-аракетин сындайбыз жана ага тийиштүү баа берилишин талап кылабыз. Акциянын уюштуруучусу Илимбек Исраиловдун чагымчыл маанайдагы чакырыктары жана билдирүүлөрү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратат деп эсептейбиз. Мындан улам анын жоопкерчилигин карап, мыйзам чегинде баа берип, тийиштүү чара көрүүнү өтүнөбүз”, - деп билдирди "Азаттык Медиа" мекемесинин жетекчиси Айзада Касмалиева.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Азаттыктын” алдында болгон акциядагы чакырыктар тууралуу комментарий берди.

“Укуктук мамлекетте “өрттөйм” деген коркутуулар жана башка деструктивдүү аракеттер кабыл алынбайт. Ошол митингге чыккандар да, тилекке каршы, өлкөбүздөгү сөз эркиндигинин көрсөткүчү. Ошондуктан дагы бир жолу кайталайм – сөз эркиндиги бул оюңа келгенди айтып, башкалардын укугун тебелөө эмес. Бул коом алдындагы чоң жоопкерчилик”.

“Медиа полиси институту” уюму “Азаттыктын” алдында өткөн акцияны өлкөдөгү көз каранды эмес маалымат каражаттарына жана журналисттерге карата жасалып жаткан системалуу чабуулдун бир бөлүгү деп атады. Уюм Ички иштер министрлигинен (ИИМ) бул митингге юридикалык баа берүүнү, эгер кылмыш белгилери бар экени аныкталса айыптууларды жоопко тартууну талап кылды.

Мекеме “Азаттык”, “Клооп” жана “Кактус Медиа” басылмаларын жабуу талабы айтылган бул акциянын алдында Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова ошондой эле талап менен кол топтоп жатканы тууралуу маалымат тараганын эске салды. Депутаттын андай укугу жок экенин, Кыргызстанда мекеме-уюм негиздөөчүсүнүн же соттун чечими менен гана жабыларын билдирди.

Эркин медианы кысымга алууну токтотуу талабы менен чыккандардын жүрүшү. 14-октябрь, 2022-жыл.
Эркин медианы кысымга алууну токтотуу талабы менен чыккандардын жүрүшү. 14-октябрь, 2022-жыл.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев депутат Надира Нарматова үч медианы жабуу боюнча кол топтоп жатканын жарыялаган. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар негизсиз экенин айтууда. Бул окуялардан кийин эле “Азаттыктын” кеңсесинин алдында акция болду.

“Журналисттер, блогерлер ишинде мүчүлүштүк кетирсе, анын жоопкерчилиги, көрүлө турган чара Конституцияда, Жарандык кодекс жана башка мыйзамдарда каралган. Ошол тартип менен эле караса болот. 13-октябрда өткөн пикетте үч редакцияны тең жабуу боюнча талап негизсиз. Дүңүнөн эле чара көрүш керек деген мыйзамсыз. Акылга да сыйбайт”, - деди “Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков.

Кыргызстандын Журналисттер союзунун төрагасы Абдыкадыр Султанбаев “Азаттык” радиосунун дарегине айтылган дооматтарды негизсиз деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 14-октябрда билдирди:

“Кыргызстандын жетишкендиги – бул демократия жана сөз эркиндиги. Мындай мамлекеттерде сөз эркиндигине эч кандай чектөө же кысым болбошу керек. “Азаттык” радиосунда мен тааныган, мен билген журналисттер эмгектенет. Алар өз уктурууларында дайым журналистиканын эл аралык стандарттарын, принциптерин бекем карманат. Ошондуктан “Азаттыкка” айтылган дооматтар негизсиз деп ойлойм”.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай кыргыз бийлигин “Азаттык” радиосунун журналисттерин жана кеңсесин бутага алгандардын кыймыл-аракетин иликтөөгө үндөдү.

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев өлкөдө көз карандысыз медиаларга чабуул болуп жатат деген пикирге кошулбайт.

“Кыргызстан акыркы жалдары сөз эркиндиги боюнча алдыга жылсак жылгандырбыз бирок артка кетти деп айта албайм. Сөз эркиндиги менен катар эле жоопкерчилик деген да бар. Азыр ээнбаштык менен эле маалыматты тактабай туруп социалдык тармакка таратып жибергендер болуп атат. “Азаттыкты”, “Клоопту”, “Кактус Медианы” жабуу боюнча чакырыктар бийликтин демилгеси эмес. Аны айрым депутаттар көтөрүп атыптыр. Ошондуктан сөз эркиндиги кысымга кабылды дегенге кошулбайм”.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 13-октябрда “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, бийлик Кыргызстанда сөз эркиндигин колдой турганын айтты.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бирок ишке келгенде тескери болуп жатканын сынга алды.

Өндүрүш Токтонасыров.
Өндүрүш Токтонасыров.

“Бийик трибуналарда “Кыргызстан адам укуктарын, сөз эркиндигин сыйлаган өлкө” деп айтышат. Бирок иш жүзүндө тетири кетип жатканы туура эмес. Биз сөз эркиндиги үчүн күрөшүүбүз керек”.

Укук коргоочу Рита Карасартова кызматта отургандар жарандык коомго каршы чагымчыл адамдарды чыгарып жатканын айыптады.

"Орусия Украинага каршы согуш баштаганда биз акцияга чыкканбыз. Ошондо ушу Илимбек Исраилов келип чагым жасап, бизди милиция кармап кеткен. Мен ошондо эле бул провокатор экен деп ойлогом. Тилекке каршы, бийлик ушундай адамдарды жеке максаттары үчүн колдонуп жатат. Акыйкат башкаруу, туура башкаруу деп жатабыз. Туура жолго түшөлү, өнүгүүгө багыт алалы дебей, элди бөлүп-жарып жатканы өкүнүчтүү".

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун рейтингинде, Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 2020-жылы 82-орунда, 2021-жылы 79-орунда болчу. 2022-жылдын жыйынтыгында өлкө 72-орунга чыкты.

Кыргызстанда буга чейин бийлик, чиновниктер жалпыга маалымдоо каражаттарын, журналисттерди миллиондогон доого жыккан окуялар болгон.

XS
SM
MD
LG