Мектептин терезесинен секирип кеткен кыздын абалы канааттандырарлык

Бишкек мэриясы тараткан сүрөт.

Бишкектеги №9 мектептин экинчи кабатынан секирип, ооруканага түшкөн кыздын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлады. 15-сентябрда мэрия жетекчилиги кыздын абалы менен таанышып келген.

14-сентябрда Бишкек шаарындагы Балдардын клиникалык ооруканасына окуучу кыз саат 14:30да "Тез жардам" менен алып келинип, травматология бөлүмө жаткырылган. Учурда окуя териштирилип жатат.

Айрым массалык маалымат каражаттары кыз электрондук тамеки чегип жатканы боюнча ата-энеси мектепке чакырылып, түшүндүрүү иштеринен кийин мектеп терезесинен секирип кеткенин жазышты. (TSh)

Дагы караңыз

Транспорт салыгын төлөбөгөндөргө 10 күндө 618 миң сом айып пул салынды Тенгиз Бөлтүрүк УКМКнын тергөө абагына 10-ноябрга чейин камалды УКМК Ташиевдин машинасы катышкан кырсык жөнүндө түшүндүрмө бердиСамаркандда Садыр Жапаров менен Владимир Путин жолуктуКыргыз-тажик чек арасы: Ташиев менен Рахмонали Төрт-Көчөдө жолукту