Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:57

Транспорт салыгын төлөбөгөндөргө 10 күндө 618 миң сом айып пул салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Салык кызматы 10 күндүн ичинде 255 рейд өткөрүп, транспорт салыгын төлөбөгөн 618 айдоочуну аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалпы 12 миң 696 транспорт каражаты текшерилген. Салык төлөбөгөн 618 айдоочуга 618 миң сом айып салынып, анын 461 миң сому өндүрлдү. Салык кызматы айдоочуларга кайрылып.ю транспорт салыгын төлөөгө чакырды.

Транспорт салыгын төлөөнүн мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, салык төкпөгөн жарандарга 1000 сом, ишканаларга 5000 сом айып пул салынат. Кыргызстанда миллиондон ашык машине катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG