Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишин текшерүүдө, ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын маалымдады.
25-августта Кумтөргө сырттан башкаруу токтотулуп, Тенгиз Бөлтүрүккө отчет берүү буйругу берилген. 23-августта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу "Кумтөр" компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилген.
Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.
Башкы прокуратура "Кумтөрдү" текшерүү баштаганын 24-августта "Азаттыкка" ырастаган. Мекеме 13-сентябрда ишканага байланыштуу үч кылмыш иши козголгонун билдирди.
“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.
Кийин “Центерра Голд” компаниясынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Тенгиз Бөлтүрүк "Кумтөр Голд Компани" ишканасына убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.
2022-жылы февралда ишкананы убактылуу тышкы башкаруу укугу жаңы түзүлгөн "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингине берилген. Ошол эле кезде Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калды. (TSh)
Дагы караңыз
УКМК: мурдагы КВНчи Жуманалиев тил кат менен бошотулдуАкыйкатчы зомбулук боюнча депутаттар жана ИИМдин өкүлүнө каршы пикирин айттыИИМ: өспүрүм кыздын өлүмү боюнча далилдер толук алынды Зомбулукка кабылган аялдар үчүн борбор түзүлөт