Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:13

Зомбулукка кабылган аялдар үчүн борбор түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде тийиштүү бардык мамлекеттик органдар менен бирге бирдиктүү борборду түзүү жөнүндө талкуу өттү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, борбор зомбулукка кабылган аялдарга комплекстүү – укуктук, психологиялык, социалдык жардам көрсөтөт.

Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата жасалган зордук-зомбулук, үрөй учурган окуялар орун алып жатат. Ички иштер министрлигинин эсебинде, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 10 миңден ашуун факт катталган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индекстин (WPS) 2021-жылкы иликтөөсүндө Кыргызстан аялдар үчүн Борбор Азиядагы эң кооптуу өлкө деп табылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG