Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

ИИМ: өспүрүм кыздын өлүмү боюнча далилдер толук алынды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 14 жаштагы Айдай Кочкорованын өлүмү боюнча далил заттар толук алынып, иш жакында сотко өтөрүн билдирди.

Абдиев бул тууралуу 13-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

“Азыркы учурда окуя боюнча далил заттар алынды, экспертиза дайындалып, күбөлөрдүн баары такталды. Жакынкы аралыкта иш сотко өтөт”, - деди Абдиев.

Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар Айдай Кочкорова тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети менен чогуу өткөргөн жыйынында маалымат берип жатат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев быйыл жети айда балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып жалпысынан төрт киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан. Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG