Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:09

Акыйкатчы зомбулук боюнча депутаттар жана ИИМдин өкүлүнө каршы пикирин айтты


Атыр Абрахматова.
Атыр Абрахматова.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова парламенттеги тийиштүү комитеттердин киши колдуу болгон 14 жашар кыздын өлүмү боюнча жыйынында айрым депутаттардын жана Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн пикирлерине каршы чыкты. Ал балдарга карата зомбулукта чоң кишилер гана жоопкер экенин белгиледи.

“Балдар өздөрү кылган кылмыштар 1-2 гана болсо, чоңдор тарабынан 30дан ашат. Мен тактоо иретинде айта кетейин, Нурбек Такабаевич балдар өзү күнөөлүү десе, бул жактан кыска кийинет, жүрүм-туруму деп жатышат. Балдарга өзүбүз үлгү болобуз. Балдардын коопсуздугуна чоңдор жоопкерчиликтүү”, - деди Омбудсмен.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев балдар же ата-энелери күнөөлүү деген пикирди айтпаганын, болгону миграция, кароосуз калган өспүрүмдөр зомбулукка кабылуу тобокелчилиги бар экенин билдирди. Ага чейин жыйында айрым депутаттар өспүрүмдөрдүн жүрүм-туруму бузулганын, телефон, социалдык тармактардагы маалыматтар терс таасирин тийгизип жатканын айтышкан. Депутат Акбөкөн Таштанбеков окуучулардын кыска кийингенин сындаган болчу.

Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорова тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети менен чогуу өткөргөн жыйынында маалымат берип жатат.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев быйыл жети айда балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлады. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон. Облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып жалпысынан төрт киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан. Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен. (TSh)

XS
SM
MD
LG