Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү сунушу Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди. Бул тууралуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин басма сөз катчысы Руслан Желдибай Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Парламенттеги депутаттар тобу борбор калаага Астана деген мурдагы атын кайтаруу сунушун беришкени белгилүү. Бул демилгени президент билет. Депутаттар эл менен болгон жолугушууларда айтылган сунуштарга, референдумдун жүрүшүндө жарандардын көптөгөн кайрылууларына таянышты. Мажилистин депутаттарынын сунушу мамлекет башчынын макулдугу менен Конституциялык мыйзам долбооруна киргизилди”, - деди Руслан Желдибай.
Билдирүүдө Касым-Жомарт Токаев Казакстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдеп, борбордун пайдубалын түптөөдө өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин салымы чоң экенин айтканы жазылган. Ушундан улам биринчи президенттин ысымы ыйгарылган башка объектилер өз аталыштарын сактап калышы керектигин билдирген.
Сентябрь айынын башында Мажилистин депутаттарынан түзүлгөн “Жаңы Казакстан” тобу Казакстандын борбору Нур-Султан шаарынын атын кайра Астана деп өзгөртүү сунушун беришкен.
Казакстандын борбору Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.
Июнь айында Казакстандын бийлиги Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөрүп, анда биринчи президент Нурсултан Назарбаевге байланыштуу бардык беренелер, анын ичинде катары менен эки мөөнөттөн ашык шайланууга болгон укугу алынган.
Талдоочулар Январь окуясынан кийин Нурсултан Назарбаевдин бийликке таасири азайганын айтып келишет. Ал бул башаламандыктардан кийин Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан кеткен. Назарбаевге жакын бир катар аткаминерлер, туугандары кызматтан алынып, айрымдары камалды.
Дагы караңыз
Акыйкатчы зомбулук боюнча депутаттар жана ИИМдин өкүлүнө каршы пикирин айттыОрусияда сот Гүлнара Каримованын алты батирин конфискация кылдыИИМ: өспүрүм кыздын өлүмү боюнча далилдер толук алынды Бизнес-акыйкатчы ишкерлер кабылган басым-кысымга тынчсызданды Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар көз жумдуАрмения Азербайжан менен чек арадагы кагылышууда 49 жараны каза болгонун билдирди Өзбекстанда банктар чет элдиктерге эсеп ачууну катаалдаштырды