Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:48

Орусияда сот Гүлнара Каримованын алты батирин конфискация кылды


Гүлнара Каримова.
Гүлнара Каримова.

Орусиянын соту Өзбекстандын биринчи президенти, маркум Ислам Каримовдун тун кызы Гүлнара Каримованын алты батирин конфискация кылды. Бул тууралуу Орусиянын ТАСС мамлекеттик агенттиги билдирди.

Өзбекстандын юстиция министринин орун басары Музраф Икрамов кыймылсыз мүлк сатыкка коюлуп, андан түшкөн каражат Ташкент менен Москвага тең бөлүштүрүлөрүн айтты.

2020-жылы Өзбекстандын Юстиция министрлиги Каримованын кылмыш жолу менен табылган жалпы баасы 1,3 миллиард долларды түзгөн активдерин конфискациялоо аракеттери көрүлүп жатканын жарыялаган. Мекеменин маалыматы боюнча, экс-президенттин кызынын Орусиядагы эсептеринде алты миллион доллары сакталып турат. “Камелот” турак жай комплексинде пентхаус, Москванын элиталык “Рублевка” кичи районунда хан сарайы жана сегиз батири, Ялтада эки миллион долларга бааланган мейманканалары, жер тилкелери жана үйлөрү бар.

Август айынын ортосунда Швейцария Гүлнара Каримованын 131 миллион долларын Ташкентке кайтарып берүүгө макул болгон. Бул мамлекет 2012-жылы Каримовага коюлган айыптарга байланыштуу анын банктардагы 800 миллион долларын конфискациялаган.

2012-жылдан бери Швейцариянын прокуратурасы Каримовага жана мобилдик байланыш операторлоруна байланышкан коррупциялык ишти иликтеп келген. Ал коррупциялык схемаларга катышып, МТС, VimpelCom жана TeliaSonera компанияларынан өзбек рыногуна чыгуу үчүн 865 миллион доллар алган жана адалдаган деп шек саналган.

Каримова 2015-жылы өз өлкөсүндө беш жылга эркинен ажыратылып, 2019-жылы колонияга которулган. 2020-жылдын мартында ал “мамлекеттик каражатты кымырып алуу, өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алуу фактылары” боюнча дагы 13 жыл 4 айга кесилген.

Жыл башында укук коргоочулар анын каражатын кайтаруу жараяны ачык жүрбөгөнүн билдиришкен. Алар ошондой эле акыркы жылдары мамлекеттик түзүмдөрдө непотизм, негизги структураларга саясий кийлигишүү, паракорлук үчүн жазасыз калтыруу көрүнүштөрү көбөйгөнүн белгилешкен.

XS
SM
MD
LG