13-сентябрда Франциялык атактуу кинорежиссер Жан-Люк Годар 91 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Liberation басылмасы жазды.
Жан-Люк Годар француз киносундагы “Жаңы толкундун” негиздөөчүлөрүнүн бири. Анын 1960-жылдардагы тасмалары дүйнөлүк кинематографиянын өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизген.
Анын “Жаңы толкундагы” жолу 1959-жылы “Акыркы дем” тасмасы менен башталган. Анда башкы ролду киноактёр Жан-Поль Бельмондо жана Жин Сиберг аткарган. Жан-Люк Годарга киноиндустриянын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн 2011-жылы "Оскар" сыйлыгы ыйгарылган.
Ал француз киносундагы “Жаңы толкундун” башатында турган көзү тирүү акыркы кинорежиссер болчу.
Дагы караңыз
Орус абактарында миңдей кыргыз жараны жазасын өтөп жататЧек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылды Армения Азербайжан менен чек арадагы кагылышууда 49 жараны каза болгонун билдирди Өзбекстанда банктар чет элдиктерге эсеп ачууну катаалдаштырдыЗеленский: Орусия энергетикалык инфраструктураларга сокку уруудаӨспүрүм кыздын өлүмү: ЖКда күч органдары маалымат берет