Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Өспүрүм кыздын өлүмү: ЖКда күч органдары маалымат берет


Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

Бүгүн, 13-августта Жогорку Кеңеште Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жаштагы Айдай Кочкорованын ишинин тергелип-иликтениши, жагдайы тууралуу Башкы прокуратура, Ички ички иштер министрлиги баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү маалымат берет.

Жыйынды парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети болуп чогуу өткөрөт.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жана облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып төрт киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан.

Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG