Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:05

Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасы ачылды


“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.
“Байрактар” сокку уруучу учкучсуз учак.

Президент Садыр Жапаров 13-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасын ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

"Мамлекет башчы өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугу чек арадан башталарын дагы бир жолу белгиледи. Ал өткөн жылы Чек ара кызматы үчүн республикалык бюджеттин эсебинен биринчи жолу учкучсуз аппараттар сатылып алынганын эске салды. Сатылып алынган техника өлкөнүн эгемендигин коргоо максатындагы машыгууларда гана колдонулат деген ишенимин билдирди. "Байрактар" учкучсуз аппараттарын тийиштүү окуулардан өтүп келген Чек ара кызматынын офицерлери башкарат. Бул мамлекеттик чек араны абадан кайтарууга алган чек арачы офицерлердин алдыңкы тобу", -деп жазылган маалыматта.

Былтыр декабрда Чек ара кызматына Түркияда өндүрүлгөн "Байрактар" учкучсуз аппараттары тапшырылган.

Садыр Жапаров былтыр күзүндө Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG