Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:32

Зеленский: Орусия энергетикалык инфраструктураларга сокку урууда


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 12-сентябрда кечинде жасаган билдирүүсүндө Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктураларын бутага алууну улантып жатканын айтты. Ал анын кесепетинен жүз миңдеген адам, оорукана жана мектептер электр жарыгысыз калганын билдирип, мындай чабуулдар дагы болушу мүмкүн экенин эскертти. Владимир Зеленский орус аскерлери сокку урган энергетикалык инфраструктуралардын Украинанын куралдуу күчтөрүнө тиешеси жок экенин кошумчалап, акыркы окуяларды Орусиянын алсыздыгы катары баалады.

“Бул согуш ачкандардын өздөрүнүн айласы кетип жатканынын белгиси. Алар Харьков аймагында орус аскерлеринин жеңилүүсүнө ушинтип жооп берип жатышат. Согуш талаасында биздин баатырларыбызга эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан Орусия жарандык инфраструктурага өзүнүн жийиркеничтүү соккуларын урууда”, - деди Зеленский.

11-сентябрда Украинанын чыгышынын көп бөлүгү жарыксыз калган. Жарык жана сууга байланыштуу көйгөйлөр Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье жана Днепропетровск облустарында байкалган.

Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Дүйшөмбү күнү Владимир Зеленский сентябрдын башынан бери украин аскерлери Украинанын чыгышындагы жана түштүгүндөгү алты миң чарчы чакырымдан ашык жерди Орусиянын аскерлеринен бошотконун жарыялаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги 10-сентябрда аскерлери чегингенин кыйыр түрдө ырастап аны “кайрадан күч топтоо” менен байланыштырды.

11-сентябрда АКШнын согушту изилдөө институту (ISW) Орусиянын Харьков аймагындагы чегинүүсүн аскерлерди кайра топтоо эмес эле фронттон качуу аракети деп баалаган.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуулун баштаганын август айынын аягында жарыялаган. Чыгыш облустар – Донецк жана Луганскиде да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда.

XS
SM
MD
LG