Украинанын президенти Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде ушул тапта Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүгө даяр эмес экенин билдирди. Кремл да сүйлөшүү тууралуу позициясын ачык билдире элек.
“Алар келишим, сүйлөшүү менен чыр-чатакты убактылуу токтотуп күч топтоп кайра алдыга жылат. Бул алардын стратегиясы - акырындык менен, өтө жай, бирок бөлүп-бөлүп басып алууну каалашат. Мен бул “оюнду” ойногум келбейт”.
Владимир Зеленский Москва менен Орусия оккупациялап алган Украинанын бардык аймактары бошотулгандан кийин гана келишим түзүлүшү мүмкүн экенин кайталады.
Украинанын коргоо министри Алексей Резниковдун айтымында, февраль жана март айларында Беларуста жана Стамбулда өткөн сүйлөшүүлөрдө орус тарап аскерлерин чек арага чыгарып кетсе гана украин делегациясы макулдашууга кол коймок.
Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүктөгү Херсон, Запорожье жана Николаев облустарында контрчабуул баштаганына эки апта болду. Чыгыш облустар – Донецк, Луганск жана Харьковдо да орус күчтөрүн сүрүп чыгаруу аракети уланууда.
Владимир Зеленский сентябрь айынын башынан бери украин аскерлери болжол менен 2 миң чарчы чакырым аймакты Орусиянын армиясынан бошотконун айтты.
Дагы караңыз
Украинанын чыгышынын көп бөлүгү жарыксыз калдыТажикстанда этникалык кыргыздарды окуу жайларга кабыл алуу сынагы өттү Нарында 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталдыАктивист Адилет Балтабайдын сотунда күбөлөр сурала баштайтЭмгек кодексине аралыктан иштөө жобосу сунушталдыАкжол Махмудов: Кыргыз күрөшүнүн мектебин көрсөттүм (видео)Баткенде чек ара кызматкерлеринин айлыгы көбөйтүлөрү айтылдыБалбан Акжол Махмудов дүйнө чемпиону болдуМосквада жоголгон тажик блогери Дүйшөмбүдө камакта экени аныкталдыШинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылгандар басым күчөгөнүн айтуудаСуу ташкындан катуу жабыркаган Пакистанга жардам көрсөтүү улануудаЗапорожье АЭСинин бардык реакторлору токтотулду