Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:17

Украинанын чыгышынын көп бөлүгү жарыксыз калды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

11-сентябрда Украинанын чыгышынын көп бөлүгү жарыксыз калды. Киев Орусиянын армиясы Украинанын энергетикалык инфраструктураларына чабуул жасап, анын кесепетинен электр жарыгы өчкөнүн билдирүүдө.

Жарык жана сууга байланыштуу көйгөйлөр Харьков, Сумы, Полтава, Запорожье жана Днепропетровск облустарында байкалган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия жарандык инфраструктурага кол салып жатат деп айыптады.

Харьков шаарынын мэри Игорь Терехов Орусия шаардагы жылуулук электр борборуна чабуул жасаганын билдирди. Маалымат боюнча, ал жылуулук борбору көлөмү боюнча Украинада экинчи орунда турат. Сумы облусунда электр жарыгын өчүрүүдөн кеминде 135 шаар жана айыл жапа чеккени кабарланды.

Москва бул айыптоолорго азырынча жооп бере элек.

Электр жарыгын жана сууну өчүрүү Украина чыгыштагы оккупацияланган аймактарда Орусияга каршы контрчабуулун күчөткөн учурга туш келди. Владимир Зеленский сентябрь айынын башынан бери украин аскерлери болжол менен 2 миң чарчы чакырым аймакты Орусиянын армиясынан бошотконун жарыялады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG