Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:02

Эмгек кодексине аралыктан иштөө жобосу сунушталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети иш берүүчү менен кызматкердин ортосунда аралыктан иштөөнү (онлайн) мыйзамдаштыруу үчүн “Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады. Бул мыйзам долбоору 12-сентябрда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралып жатат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев бул пандемия сыяктуу өзгөчө абал учурунда жана майыптыгы бар адамдарга шарт түзүү үчүн керек экенин билдирди.

Жыйында айрым депутаттар коррупцияга жол бербөө үчүн аралыктан кимдер иштей ала турганы так жазылышы керек экенин белгилешти.

2020-жылы пандемиядан улам билим берүү мекемелери, көпчүлүк мамлекеттик жана жеке ишканалар аралыктан иштей баштаган. Бир нече айдан кийин гана чектөөлөр алынып, штаттык режимге өтүшкөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG