Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:03

Активист Адилет Балтабайдын сотунда күбөлөр сурала баштайт


Адилет Балтабай сот залында. 2-сентябрь, 2022-жыл.
Адилет Балтабай сот залында. 2-сентябрь, 2022-жыл.

Социалдык түйүндөрдө Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбектин эртең, 13-сентябрдагы сотунда күбөлөр сурала баштайт.

Бул тууралуу активисттин абактан жазган катында айтылат. Адилет Балтабайдын кайрылуусун жакындары жарыялашты. Ал буга чейин да коомчулукка кат менен кайрылып, кылмыш ишин “сөз эркиндигине басым” деп баалаган.

Адилет Али Мыктыбектин алгачкы соттук отуруму бүгүн, 2-сентябрда Биринчи май райондук сотунда башталмак. Бирок негизги күбөлөрдүн бирөө келбей калгандыктан отурум 13-сентябрга жылдырылган.

Блогер 30-июнда милицияга суракка чакырылып, эртеси күнү бир айга камакка алынган. Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Жапырт башаламандык”) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

18-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып камалган жана иш козголгон блогерлерди “туура эмес чакырык жасагандар” деп мүнөздөгөн жана Адилет Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин, ички иштер органдары кылмыштарды алдын алуу жана “фейктер” боюнча мыйзамдын чегинде гана иштеп жатканын билдирген.

Адилет Балтабай акыркы бир нече айда Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG