АКШнын мамлекеттик катчысы Блинкен Киевге барды

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевдеги балдар ооруканасында. Украина. 8-сентябрь, 2022-жыл.

8-сентябрда Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Киевге барды. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы жазды. Маалыматка караганда, Блинкен Украинага жана Орусия коркунуч жараткан Европанын 18 мамлекетине 2 миллиард доллар каржылык жардам берүү тууралуу билдирүү жасайт.

Reuters агенттигине Мамлекеттик департаменттин атын атагысы келбеген расмий өкүлү Украинага канча каражат бөлүнөрүн жана Европанын кайсы өлкөлөрүнө жардам көрсөтүлөрүн тактаган жок. Бирок АКШнын президенти Жо Байдендин администрациясы АКШ Конгрессине узак мөөнөтүү инвестицияларды каржылоо ниетин билдирген.

Буга чейин Украина да, Энтони Блинкен өзү да Киевге сапары тууралуу маалымат берген эмес.

8-сентябрда Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак АКШ Украинага 675 миллион долларга жакын суммада кошумча аскердик жардам берерин билдирген.

Орусия Украинага согуш ачкандан бери Батыш өлкөлөрү украин куралдуу күчтөрүнө аскердик жардам берип келет. Украина АКШ жөнөткөн HIMARS жапырт аткылоочу реактивдүү системаларын фронтто ийгиликтүү пайдаланууда.

Дагы караңыз

"Ихсандын" жетекчиси Акинай Бекмурзаеванын абактагы мөөнөтү узартылдыПутин келерки аптада Өзбекстанда Си Цзинпин менен жолугушатБУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдүПрезидент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө бердиБеларус Польша менен чек арасында аскердик машыгууларды баштадыАкыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди АКШ Украинага дагы 675 млн. доллар аскердик жардам берет