БУУнун Өнүктүрүү программасы: дүйнөдө жакырчылык күчөдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жакырчылык менен күрөшүү жана туруктуу өнүгүүгө көмөктөшүү программасы былтыр дүйнөдө он өлкөнүн тогузунда жашоо-шарт кескин начарлап кеткенин билдирди.

8-сентябрда БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) өкүлдөрү адамдык өнүгүү индекси дүйнөдө эки жыл катары менен төмөндөгөнүн, бул көрсөткүч 32 жылдын ичинде биринчи жолу начарлап, 2016-жылдагы деңгээлге түшкөнүн кабарлады.

ПРООНдун маалыматына караганда, буга COVID-19 жана Украинадагы согуш кесепетин тийгизди.

ПРООНдун индекси боюнча Швейцария жана Америка Кошмо Штаттары дүйнөдөгү эң өнүккөн мамлекеттердин ичинен биринчи сапка чыкты. Эң төмөн баллды Африканын үч өлкөсү: Нигер, Чад жана Түштүк Судан алды. Индекске ылайык, теңсиздиктен эң көп Латын Америкасы, Кариб деңизи, Сахаранын түштүгүндөгү Африка жана Түштүк Азия жапа чегүүдө.

Дагы караңыз

Президент Жапаров агасынын талкуу жараткан сүрөтү тууралуу түшүндүрмө бердиБеларус Польша менен чек арасында аскердик машыгууларды баштадыАкыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди Бекназаров кызматынан Кумтөр боюнча маегине байланыштуу алынганын айттыДепутат Култаева: Зөөкүрлөрдүн 90% ээн-эркин басып жүрөтАКШ Украинага дагы 675 млн. доллар аскердик жардам берет“Энергоатом”: Орусия Запорожье АЭСинин жумушчуларын өлтүргөнИранда өлүм жазасына каршы нааразылык акция өттүЗеленский Харьковдо жакшы жыйынтык бар экенин билдирди