Албания Иран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, бардык ирандык дипломаттарга өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук берди. Буга июль айында болгон киберчабуулду иликтөө аяктап, Ирандын “мамлекеттик агрессиясы” деген жыйынтык чыкканы себеп болду.
Бул тууралуу 7-сентябрда Албаниянын премьер-министри Эди Рама жарыялап, Ирандын Тиранадагы (Албаниянын борбору) элчилигиндеги дипломатиялык корпустун баарын 24 сааттын ичинде Албаниядан чыгып кетүүгө чакырды.
“Өкмөт Иран Ислам Республикасы менен дипломатиялык мамилелерди токтотуу чечимин кабыл алды”, - деп айтылат Эди Раманын өзүнүн расмий сайтына жарыяланган кайрылууда.
Албаниянын премьер-министри расмий Тирана чечимди Ирандын элчилигине жиберген дипломатиялык нотасында кошо бергенин айтты. Иран бул дооматтарга жооп бере элек.
Маалыматка караганда, 15-июлда Албаниянын мамлекеттик кызматтарына киберчабуул болгон. Тирана Иран бул үчүн ар кандай топторду жалдап, мамлекеттик маалыматтарды уурдоого аракет кылган деп айыптады.
Дагы караңыз
Украина Орусиянын Крымдагы базаларына сокку урганын ырастадыВенгрия ЕБден Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндүӨспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралдыНоокен: алты жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилдиКазакстанда Биринчи президенттин күнү майрамдардын тизмесинен алындыАкыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди Путин: “Түндүк Агым” аркылуу Европага газ берүү иш жүзүндө токтотулду