Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Венгрия ЕБден Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндү


Орусиянын президенти Владимир Путин олигарх Алишер Усмановго мамлекеттик сыйлык ыйгарып жатат. 2018-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин олигарх Алишер Усмановго мамлекеттик сыйлык ыйгарып жатат. 2018-жыл.

Венгрия Европа биримдигинен (ЕБ) санкциялык тизмеден орусиялык бизнесмендер Алишер Усмановду, Петр Авенди жана Виктор Рашниковду чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу Politico басылмасы кабарлады. Расмий Будапешт бул өтүнүчү орундалса, Орусияга киргизилген санкцияларды узартууга каршы болбой турганын билдирди.

Евробиримдикте Москвага каршы киргизилген санкцияларды узартуу же узартпоо боюнча чечим кабыл алуу үчүн 15-сентябрга чейин убакыт бар. Санкциялык тизме Евробиримдик мүчө болгон бардык өлкөлөрдүн макулдугу менен кабыл алынат.

Алишер Усманов менен Петр Авен февралдын аягынан бери Еврошаркеттин санкциялык тизмесинде. Альянстын расмий журналында Усманов “Орусиянын президенти Владимир Путин менен өтө тыгыз байланышы бар кремлчил олигарх" деп мүнөздөлгөн. Алишер Усманов Путиндин бизнесиндеги көйгөйлөрдү чечүүгө катышы бар деп божомолдонуп келет.

Петр Авен да Кремлге жакын жана Путин менен тез-тез жолугуп турган таасирдүү 50 орус бизнесмендин катарында экени айтылган. Виктор Рашников Орусиядагы эң ири салык төлөөчү. Ал “Магнитогорск металлургиялык комбинатынын” ээси катары санкцияга кошулган.

XS
SM
MD
LG