Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:36

Ноокен: алты жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 6-сентябрда алты жашар кызды зордуктаган деп айыпталган жаранга карата өкүм чыгарды. Райондук соттун маалыматына караганда, 28 жаштагы адам күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн маалыматтарына караганда, ал 2022-жылдын 26-майында кызды мектептен келе жатканда үйүнө алып кирип зордуктаган.

Облустук ички иштер башкармалыгы факты Ноокен райондук милициясында каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалганын билдирген.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү кылмышты жасаганын моюнга алганы жана райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалганы кабарланган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

Баткендин Кадамжай районунда 4-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын аянычтуу окуясынан кийин коомчулук балдардын укугун коргоо маселесин көтөрүп жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG