Ошто сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштү

Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун Араван районунда сегиз жашар бала кутурмага шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, баланын абалы орточо оор деп бааланууда. Адистердин катышуусунда консилиум өткөн. Анын диагнозу тактала элек, бирок тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.

Алдын ала маалыматта баланы мышык тытып алганы айтылды.

4-сентябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Сай-Коргон айылынын 72 жаштагы тургуну кутурмадан каза болгон. Аны көчөдөн таап алып келген күчүк каап алганы маалымдалган.

Ит же башка жаныбар тиштеген адамда кутурма оорусу пайда болушу ыктымал болгондуктан, мындай учурда дароо дарыгерлерге кайрылуу сунушталат. (КЕ)

Дагы караңыз

Венгрия ЕБден Усмановду санкциялык тизмеден чыгарууну өтүндүӨспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралдыНоокен: алты жашар кызды зордуктоого айыпталган адам өмүр бою кесилдиАкыйкатчы Абдрахматова кызын белгисиз бирөө аңдыганын билдирди