АКШнын чалгын кызматы: Орусия Түндүк Кореядан курал-жарак сатып алууда

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Орусиянын президенти Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Америка Кошмо Штаттарынын чалгындоо кызматынын маалыматына караганда, Орусия Украинадагы согушта колдонуу үчүн Түндүк Кореядан миллиондогон артиллериялык снаряддарды жана ракеталарды сатып алууда.

The New York Times басылмасы АКШнын отчетунун жыйынтыгын жарыялады. Басылма ысымын атагысы келбеген америкалык аткаминерге шилтеме берип, Орусия Түндүк Кореядан курал-жаракты сатып алууну улантарын жазды.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Батыш өлкөлөрү жана НАТОго мүчө мамлекеттер согуш башталган бери Украинага он миллиарддаган долларлык курал-жарак жана башка аскердик жардам көрсөттү.

Дагы караңыз

Кышында электр энергиясы өчүрүлбөй турганы айтылдыРамзан Кадыров кызматтан кетпей турганын билдирдиАялдардын укуктары жана зомбулукту азайтуу маселеси талкууландыУльяновскидеги жол кырсыгында жабыркагандардын бири ооруканадан чыктыКабулдагы жардырууга “ИМ” террордук тобу жоопкерчилик алдыТажикстандагы ооган качкындары Эмомали Рахмонго кайрылды