Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Аялдардын укуктары жана зомбулукту азайтуу маселеси талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы аялдардын укуктары жана гендердик зомбулуктун алдын алуу боюнча кеңеши менен Европа биримдиги, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн токтотуу боюнча “Луч света” демилгесинин алкагында кеңешме өткөрүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Талкууда Жогорку Кеңештин депутат айымдары секелек кыздардын үрөй учурган жагдайларга кабылышы коркунучтуу көрүнүш экенин билдирип, аялдардын, кыздардын жана өспүрүмдөрдүн укуктары мыйзам чегинде корголушу керектигин белгилешти. Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда балдарга карата катаал мамиле жана зомбулук кеңири жайылып, кыз-келиндердин зордук-зомбулукка учурашы акыркы кезде арбып бара жатканын айтты. Депутат Надира Нарматова балдарды зомбулуктан коргоо үчүн туруктуу система, улуттук идеология керектигин кошумчалады.

Аялдардын укугун талкуулаган жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Камила Талиева, Надира Нарматова, Динара Ашимова, Лейла Лурова жана аткаруу бийлигинин жооптуу кызматтарынын, бей өкмөт уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер катышты.

5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Облустук милиция кыздын колу аркасына байланып, жип менен муунтулган абалда табылганын билдирген.

Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалды. Үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын пайда кылды.

Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган.

Статистикалык маалыматка караганда, жети айда 9 миңге жакын үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG