Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:29

Рамзан Кадыров кызматтан кетпей турганын билдирди


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров кайра кызматтан кетпей турганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграммдагы баракчасына жазып, ал кызматын элден жана Орусиянын президентинен гана уруксат алып тапшырарын айтты.

“Мен буга чейин республиканы жетектеп келатканыма 15 жыл болгонун, башка аймактардын башчыларынын ичинен эң көп убакыт отурганымды жазгам. Бул тууралуу көп ойлонуп, сиздин пикириңизди билүүнү чечтим. Бирок мурунку рекорд 27 жыл экен. Ошондуктан, мен азыркы рекордду жаңыртууну чечтим. Мен аны жаңылай аламбы, эми көрөлү”, - деп жазды.

Рамзан Кадыров жекшемби күнү кызматтан кетиши мүмкүн экенин билдирген видеосун социалдык тармактарга жарыялаган. Анын себебин жана качан кетиши мүмкүн экенин тактаган эмес. Саясатчы буга чейин да ушундай билдирүүлөрдү жасап, бирок ордунда эле калган.

44 жаштагы Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектейт. 2021-жылдын май айында да Чеченстандын башчылыгынан кетиши мүмкүн экенин айтып, ошол жылы эле күзүндө беш жылдык мөөнөткө кайра шайланган. Саясатчы кызматтан кетиши ыктымалдыгын 2016-2017-жылдары да кайталаган.

Ал Орусия Украинага басып киргенден кийин согушту пропаганда кылгандардын сап башында турду. Украинадагы согушка катышуу үчүн ыктыярчыларды жөнөтүп жатканы тууралуу тынбай отчет берип келет. Мындан тышкары орус аскерлеринин өзөктүк курал колдонуусуна уруксат берген.

Кремлдин көздөй кишиси саналган Кадыровдун дарегине адам укугун бузуу, кыйноо, адам өлтүрүү фактылары боюнча көптөгөн айыптоолор айтылып келет. Чеченстанда бийликти сындаган укук коргоочу, журналист жана жөнөкөй жарандар куугунтукталып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып, республика башчысынан кечирим сураган учурлар болгон. Мындан улам чечен лидери Батыштын бир нече санкцияларына илинген.

XS
SM
MD
LG