Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:59

Ульяновскидеги жол кырсыгында жабыркагандардын бири ооруканадан чыкты


Ульяновск облусундагы кырсык.
Ульяновск облусундагы кырсык.

Орусиянын Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында жараат алып, ооруканага жаткан үч кишинин бирөөсү 5-сентябрда ооруканадан чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, Кыргызстандын эки жараны ооруканада дарылануусун улантууда.

"Алар ооруканага жаткан күндөн тартып элчиликтин жооптуу кызматкери жабыркагандар жана алардын жакындары менен байланышып турат. Алардын абалы жакшырып келе жатат", - деди элчиликтин маалымат катчысы Назгүл Жусубакунова.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Ульяновск облусундагы ири жол кырсыгында жабыркап, ооруканада жаткан кыргызстандыктардан кабар алган.

Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта ири жол кырсыгында 16 адам, анын ичинде 14 кыргыз жараны мерт болуп, үчөө жараат алган. 23-августта Кыргызстанда аза күтүү жарыяланган.

Кыргызстандык мигранттар Орусиянын миграция боюнча жаңы эрежелер күчүнө киргенине байланыштуу паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн Казактандын чек арасына келип бараткан жолдо кырсыкка учураган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG