5-сентябрда таңга маал Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн кеминде сегиз киши каза болду. Кунар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мавлави Нажибулла Ханиф журналисттерге билдиргендей, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.
Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарына жакын жерде эртең менен күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду.
Июнь айында Ооганстандын чыгышында болгон жер титирөө 1000ден ашык адамдын өмүрүн алып, бир нече калктуу конуштар талкаланган. Каза болгондордун арасында 155и балдар экени аныкталган.
Дагы караңыз
МАГАТЭнин эки өкүлү Запорожье АЭСинде туруктуу иштейтКыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусуна аттанып жатышатКасым-Жомарт Токаев өрт каптаган Костанай облусуна бардыМиграция маселеси: өкмөт өкүлдөрү ЖК комитетине чакырылды Ооганстанда Орусиянын элчилигинин жанында жардыруу болдуЗеленский Украинада үч конуш орус аскерлеринен бошотулганын билдирдиОрусиянын чабуулунан Украинада бир нече жайкын тургун жараат алды Экономика министрлиги бизнести каттоо жөнүндө маалымдама даярдады Канадада бычак менен кол салуудан 10 адам каза болду