Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:38

Канадада бычак менен кол салуудан 10 адам каза болду


Кол салууга шектүү Сандерсондор.
Кол салууга шектүү Сандерсондор.

Канаданын борбордук Саскачеван провинциясында бычак менен бир нече кол салуудан кеминде 10 киши каза болуп, дагы 15 адам жаракат алды. Жергиликтүү полиция шектүүлөр изин жашырып кеткенин, аларды издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Кол салуу 13 жерде болгон. Анын ичинде Канададагы индиялык Жеймс Смит Кри Нэйшн коомчулугу жана Уэлдон айылы бар.

Эки шектүүгө - Дэмиен Сандерсон жана Майлз Сандерсонго издөө салынды. Алар бир тууганбы же жокпу белгисиз. Полициянын маалыматына караганда, алар Nissan Rogue үлгүсүндөгү автоунаа менен жүрүшкөн. Шектүүлөрдү акыркы жолу жекшемби күнү түштөн кийин чабуул болгон жерден 300 чакырымдай түштүктө жайгашкан Регина шаарында көрүшкөн.

Жергиликтүү бийлик Саскачевандын тургундарын коопсуз жайларда болууга чакырды. Жеймс Смит аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн эки тез жардам борбору ачылды. Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо кол салууларды “үрөй учурган жана жүрөктү ооруткан окуя” деп атады.

XS
SM
MD
LG