Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:10

Орусиянын чабуулунан Украинада бир нече жайкын тургун жараат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Донецк облусунун губернатору Павел Кириленко акыркы суткада Орусиянын армиясынын соккусунан облуста үч жайкын тургун набыт болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Телеграммдагы каналына жарыялап, алардын экөө Курахово жана бирөө Соледар шаарынын тургундары экенин жазды.

Ал эми Днепропетровск облусунун жетекчиси Валентин Резниченко орус аскерлери Никополь районун оор артиллерия менен эки жолу атканын кабарлады. Анын кесепетинен он чакты турак жай жабыркап, көп кабаттуу үй, спорт зал, балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, дүкөн жана кафе жабыркаган. Курмандыктар жок.

Харьков облусунун губернатору Олег Синегубовдун маалыматы боюнча, Орусиянын армиясы 4-сентябрда Новобаварск районуна ракеталык чабуул жасап, үч киши жараат алды.

“Богодухов районунда 58 жаштагы аял каза болду, куткаруучулар сөөктү үйдүн урандыларынын алдынан чыгарышты. Изюм районунда 72 жаштагы аял жана 61, 70 жана 66 жаштагы үч эркек жараат алган. Харьков облусунда 67 жаштагы киши жараат алды”, - деп жазды Синегубов.

Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Буга чейин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Харьков облусундагы Семеновка жана Купянск аймактарына жакын жерде орус аскерлери топтолгон аймактарга чабуул жасап, Орусиянын армиясынын ок-дары кампаларынын бирин талкалаганын билдирген.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG