Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:07

Зеленский Украинада үч конуш орус аскерлеринен бошотулганын билдирди


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Донецк облусунда бир, өлкөнүн түштүгүндө дагы эки конуш Орусиянын аскерлеринен бошотулганын билдирди. Бул тууралуу ал 4-сентябрда кечки видео кайрылуусунда айтты.

“Мен 103-аймактык коргонуу бригадасынын 63-батальонунун жоокерлерине ыраазычылык билдиргим келет. Алар Донецк облусунда жыйынтык көрсөтүп, конуш бошотулду”, - деди ал.

Владимир Зеленскийдин айтымында, ошондой эле 42-өзүнчө мотоаткычтар батальонунун аракетинин аркасында өлкөнүн түштүгүндөгү эки калктуу конуш бошотулган. Ал конуштардын атын тактаган жок.

4-сентябрда социалдык тармактарда украин аскерлери Украинанын желегин көтөрүп турган сүрөт чыкты. Ал Херсон облусунун түндүгүндөгү Высокополье айылындагы оорукананын имаратынын үстүндө экени айтылган. Кийинчерээк бул сүрөттү Украинанын президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак “Кадам менен” деген жазуу менен, анын орун басары Кирило Тимошенко да жарыялады.

Украинанын Башкы штабы айылдар кайра кайтарып алынганы тууралуу расмий маалымат тарата элек. Орусиянын Коргоо министрлиги да комментарий бере элек. Согушту чагылдырган айрым орус Телеграм-каналдары орусиялык аскерлер айылды таштап кетүүгө аргасыз болгонун жазышууда.

Согуш болуп жаткан маалда мындай маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес. 29-августта Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда каршы чабуулга өткөнүн жарыялаган.

Орусия Украинага 24-февралда согуш ачып, кармаш уланып жатат.

XS
SM
MD
LG