Айланма жолдогу кырсыкта беш адамдын өмүрү кыйылды

Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, беш киши мүрт кетти. Кырсык 3-сентябрь күнү 22:00 чамасында болгонун Чүй облустук милициясынан "Азаттыкка" ырасташты. Маалыматка караганда, айланма жолдо, ГЭС-5 аймагына жакын жерде BMW, Mazda жана Mercedes-Benz автоунаалары кагышкан. BMWнын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кеткени айтылды.

Үч кишинин ооруканага жеткирилгени маалым болду. Жараат алгандардын арасында үч жашар наристе бар.

Кырсыктын чоо-жайы териштирилип жатат.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл алты айда эле Кыргызстанда үч миңдей жол кырсыгы катталып, андан 248 адамдын өмүрү кыйылган. 4600дөн көбү ар түрдүү жаракат алышкан.

2021-жылы жети миңге жакын жол кырсыгы катталып, 780 киши каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алган.

Милициянын байкоосуна ылайык, авариялардын 92,4% айдоочулардын күнөөсү менен болот. Жол кырсыгында набыт кеткендердин 70% 25тен 40 жашка чейинкилер. (КЕ)

Дагы караңыз

Рамзан Кадыров кызматтан кетиши ыктымалдыгын кайталадыЗеленский Киевди колдогону үчүн Борис Жонсонго ыраазычык билдирдиБилим берүү мекемелерин аккредитациялоонун жаңы форматы киргизилүүдөОрусияда эмгек келишимин, миграциялык каттоону талап кылган эреже күчүнө кирди