Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:37

Билим берүү мекемелерин аккредитациялоонун жаңы форматы киргизилүүдө


Билим берүү жана илим министрлиги 2022-жылдын 5-сентябрынан тарта Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасын (АСУЛА) пилоттук режимде ишке киргизет. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мурдагыдай министрликке келип кагаздарды тапшыруу талап кылынбайт. Баардыгы электрондук форматта гана болот.

Билим берүү мекемелери аккредитациядан өтүү үчүн арызды www.asula.edu.gov.kg аркылуу электрондук түрдө жөнөтө алышат.

Аккредитациялоо секторунун башчысы Бактыгүл Акулова бул система билим берүү уюмдарын жана программаларын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациялоо ишин санариптештирүүнүн алкагында иштелип чыкканын айтты.

Система аккредитациялоо ишинде объективдүүлүктү жана ачык-айкындуулукту камсыздоого, коррупциялык тобокелчиликтерди төмөндөтүүгө багытталган.

Буга чейин билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын окуу жайларына чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу үчүн автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкканын, бул үчүн “Электрондук лицензиялоо”, “Электрондук аккредитация” сыяктуу долбоорлор иштелип жатканын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG