Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Орусияда эмгек келишимин, миграциялык каттоону талап кылган эреже күчүнө кирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда 3-сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жери боюнча миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирди. Орусиянын Федералдык миграция кызматы COVID-19 пандемиясына байланыштуу берилген жеңилдик режими соңуна чыгып, 2018-жылы кабыл алынган миграциялык мыйзамдын талаптары күчүнө кире турганын эскерткен. Бул мөөнөт ЕАЭБ уюмундагы Кыргызстан менен Армениянын жарандары үчүн быйыл 3-сентябрда бүтөрү айтылган.

Мыйзам боюнча Орусияда жүрүү мөөнөтү аяктаган мигранттар эмгек келишиминин негизинде жашаган жери боюнча гана каттоого турууга милдеттүү. Аны бузгандарга акчалай айып салынып, өлкөдөн чыгарылып же анын аймагына кайтып келүүгө кайсы бир мөөнөткө чейин тыюу салынат. Миграциялык каттоосу бүткөндөр Орусияда 90 күнгө чейин каттоосуз жүрүү укугунан пайдаланып, чек арадан кирип-чыгышы керектиги айтылган.

2020-жылы коронавируска байланыштуу орус президентинин жарлыгы менен мигранттардын каттоого туруусуна жеңилдик берилип, ал 2021-жылы узартылган. Мөөнөт ЕАЭБ уюмуна кирген Беларус менен Казакстандын жарандары үчүн 23-августка чейин, ал эми Армения менен Кыргызстандын жарандарына 3-сентябрга чейин деп көрсөтүлгөн. Буга байланыштуу мигранттар паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчүн дүрбөлөң түшкөн.

Ушул күндөрү паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстан менен Орусиянын чек арасына агылып жатат. Ушул максатта чек арага барып келаткан кыргызстандыктар 21-августта Ульяновскидеги жол кырсыгына кабылып, 14 жаран каза болду.

Парламентте 1-сентябрда кыргыз мигранттарынын абалын жеңилдетүү үчүн Мамлекеттик Думага кайрылуу демилгеси көтөрүлдү. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG