Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:15

Рамзан Кадыров кызматтан кетиши ыктымалдыгын кайталады


Рамзан Кадыров
Рамзан Кадыров

Рамзан Кадыров Чеченстандын башчылыгынан кетиши мүмкүн экенин билдирген видеосун социалдык тармактарга жарыялады. Анын себебин жана качан кетиши мүмкүн экенин тактаган жок. Саясатчы буга чейин дагы ушундай билдирүүлөрдү жасап, бирок ордунда эле калган.

"Мен республиканы жетектеп келатканыма 15 жыл болду... Менимче, убактым келди деп ойлойм, мени кууп чыгышканга чейин. Иштер ушундай. Көрсө, мен карып калыптырмын, бир кезде эң жаш, тажрыйбасыз болчумун. Азыр деле тажрыйбасыз бойдон калдым, бирок жаштыгым өтүп кетти. Биз бул тууралуу ойлоно баштадык жана убагында кетүүгө аракет кылабыз. Мен өзүм да көпкө отуруп калганымды байкадым", - деди Кадыров.

44 жаштагы Рамзан Кадыров Чеченстанды 2007-жылдан бери жетектейт. 2021-жылдын май айында дагы Кадыров Чеченстандын башчылыгынан кетиши мүмкүн экенин айтып, ошол жылы эле күзүндө беш жылдык мөөнөткө кайра шайланган. Саясатчы кызматтан кетиши ыктымалдыгын 2016-2017-жылдары дагы айткан.

Ал Орусия Украинага басып киргенден кийин согушту пропаганда кылгандардын сап башында турду. Украинадагы согушка катышуу үчүн ыктыярчыларды жөнөтүп жатканы тууралуу тынбай отчет берип келет. Мындан тышкары орус аскерлеринин өзөктүк курал колдонуусуна уруксат берген.

Кремлдин көздөй кишиси саналган Кадыровдун дарегине адам укугун бузуу, кыйноо, адам өлтүрүү фактылары боюнча көптөгөн айыптоолор айтылып келет. Чеченстанда бийликти сындаган укук коргоочу, журналист жана жөнөкөй жарандар куугунтукталып, коркутуп-үркүтүүгө кабылып, республика башчысынан кечирим сураган учурлар болгон. Мындан улам чечен лидери Батыштын бир нече санкцияларына илинген.

XS
SM
MD
LG