Болгариянын полициясы болгар-түрк чек арасынан мыйзамсыз кирүүгө аракет кылган 141 ооган жаранын кармады. Бул тууралуу өлкө бийлиги кабарлады.
Европа Биримдигинин Түркия менен чек арасында легалдуу эмес мигранттардын арбышынан улам болгар полициясы коопсуздук чараларын күчөтөрүн билдирди.
Мигранттардын 88и Түндүк Македонияга каттаган автобуста бараткан учурда, Кара деңиздин жээгиндеги Бургас шаарына жакын жерде кармалган. Транспорттун 60 жаштагы айдоочусу, түндүкмакедониялык жаранга адам соодалоо айыбы тагылды. Оогандыктардын 53 адамдан турган экинчи тобу Бургастан алысыраак токойдо, транспорт күтүп жерде табылган.
Бир жыл мурда Ооганстандын бийлигин талибдер басып алгандан кийин өлкөдөн качкандар көбөйгөн. Бул Европадагы 2015-жылкы миграциялык кризисти кайталаган кырдаалга алып келиши мүмкүн деген кооптонуулар жаралган. Жети жыл мурда Жакынкы чыгыштагы согуштан жана жакырчылыктан качкан 1 миллиондон ашык тургун Европа Биримдигине качып барган болчу. Көпчүлүк мигранттар Түркиядан “балкан маршруту” деп аталган багыт менен өтүп, Евробиримдиктин байыраак өлкөлөрүнө кирип кетишкен. (ErN)
Дагы караңыз
Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу беш адамга айып коюлду Пакистанда сел 1000ден ашык адамдын өмүрүн алдыТүркияга Кыргызстандан көкбөрү менен көкпардан эки топ барат УКМК: "Баткен Пауэр" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганы аныкталды