Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:03

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу беш адамга айып коюлду


Чыңгыз Жумагуловду кармоо операцияларынын бири.
Чыңгыз Жумагуловду кармоо операцияларынын бири.

Кылмыш чөйрөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун киши колдуу болушуна байланыштуу беш адамга айып коюлду. Свердлов райондук сотунда 27-августта алардын бөгөт чарасы каралып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камоо тууралуу чечим чыгарды.

Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №21 абактын камераларынын биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жумагуловду 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

Өткөн айда жаза өтөө мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча атайын прокуратура Жумагуловдун өлүмүн иликтей баштаган. Анда Кылмыш-жазык кодексинин 122-беренесинин 2-пункту ("Өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголуп, шектүү камалганы маалымдалган.

Акыйкатчы институту Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу ички иликтөө жүргүзүүнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG