Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Пакистанда сел 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды


Пакистандагы сел учурунда балдарды куткаруу учуру.
Пакистандагы сел учурунда балдарды куткаруу учуру.

Пакистанда июндун башынан бери жааган жамгырдан кийинки сел 1000ден ашык адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу өлкөнүн бийлиги кабарлады.

Табият кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалык (NDMA) кабарлагандай, соңку суткаларда эле 100дөн ашык адам мерт болду. Натыйжада курмандыктардын саны көбөйүп кеткен.

Расмий аткаминерлер бул жылкы суу ташкындарынын кесепети өлкөдөгү 33 миллион адамга – иш жүзүндө ар бир жетинчи пакистандыкка тийди. Жалпы миллиондон ашык үй толук же жарым-жартылай жабыр тартты. Бийлик үй-жайсыз калгандар үчүн лагер уюштуруп, тамак-аш жана дары-дармектер менен камсыздап жатат.

NDMA мындан сырткары 1 миллион гектарга жакын эгин талаасы, 3 жарым миң чакырым жол, 150дөй көпүрө талкаланганын да кошумчалады.

Премьер-министр Шехбаз Шариф эл аралык коомчулукка кайрылып, суу ташкындарын жеңүү үчүн жардам сурады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Асим Ифтихар Бириккен Улуттар Уюму чукул жардам катары 160 миллион доллар берүүгө макул болгонун маалымдады.

Жыл сайын катталчу бороон-чапкын мезгили (муссон) быйыл кыйла эрте башталды жана адаттагыдан катуу болду. Июндагы жаан-чачын бул өлкөдө акыркы 30 жылдан берки эң катуу деп бааланды. Ортодо бир сыйра токтогону менен ал июлда да, августта да кайрадан күчөп, айылдарды жана жолдорду кыян жууп кетти. 26-августта өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланды. (ErN)

XS
SM
MD
LG