Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:52

УКМК: "Баткен Пауэр" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганы аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 24-25-август күндөрү Баткенде ойнотулган "Баткен Пауэр" лотереясы мыйзамсыз уюштурулганын билдирди. Бул фактыга байланыштуу 25-августта Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренеси ("мыйзамсыз ишкерлик кылуу") менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргөнүн маалымдады.

"УКМКнын Баткендеги башкармалыгы менен облустук прокуратура кылмышка шектүү адамдардын иштеген жана жашаган жеринде тинтүү жүргүздү. Анда 800 миң сом акча, банк карталары, машиналарды пайдалануу үчүн берилген ишеним каттар алынды. Ошондой эле байге катары ойнотулат делген жети машина убактылуу токтотуучу жайга коюлду. Ар бир турда орточо байге фонду беш миллион сомдон сегиз миллион сомго чейин болгон. Ойнотулган билеттердин саны 2800 даананы түзгөн. Лотереянын уюштуруучулары байгелерди ойнотууда катышуучуларды алдаган. Тактап айтканда, лотереянын жеңүүчүлөрү болгон фигураларды колдонуу фактылары аныкталган, бирок чынында байгелерди уюштуруучулар бөлүштүргөнү такталган",- деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.

Учурда мыйзамсыз лотерея уюштургандардын шериктерин аныктоого байланыштуу ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.

Өткөн айдын башында УКМК Баткенде баш байгесине батир коюлган лотерея мыйзамсыз уюштурулганын билдирген. Анда ар бир билеттин баасы эки миң сомдон үч миң сомго чейин сатылганы, мыйзамсыз ишкердиктен болжол менен 70 миллион сом топтолгону белгилүү болгон.

Кыргызстандын мыйзамдарга ылайык, лотерея уюштургусу келгендер атайын лицензия алып, бир катар талаптарды аткарышы керек.

XS
SM
MD
LG