Лукашенко беларус учактары өзөктүк куралга ыңгайлаштырылганын айтты

Александр Лукашенко.

Беларустун лидери Александр Лукашенко беларус учактары кайра жабдылганын, эми алар өзөктүк курал да алып жүрө алышарын айтты. Бул тууралуу ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен 2022-жылдын июнь айынын аягында макулдашкан. Бирок анда сөз башка учактар тууралуу болгон.

“Путин экөөбүз буга чейин Санкт-Петербургда Беларустун Су-24 учагын да өзөктүк курал алып жүрүүгө ыңгайлаштырабыз деп айтканбыз. Бизди жөн гана сүйлөп койгон деп ойлойсуңарбы? Мына эми баары даяр болду”, - деди Лукашенко.

РБК басылмасы Су-24 Беларустун куралдуу күчтөрүнөн 2012-жылы эле алып салынганын жазды. Беларустун БелТА мамлекеттик агенттиги адегенде Александр Лукашенконун Су-24 учагы боюнча айтканын жазып, кийин аны өчүрүп койду.

Александр Лукашенко менен Владимир Путин эки ай мурда Санкт-Петербургда өткөн жолугушууда учактарды кайра жабдуу маселесин талкуулашкан. Кийин Беларустун лидери Су-35 учагын өзөктүк курал алып жүрүүгө ыңгайлаштырууга жардам берүүнү суранган. Владимир Путин ага макул болгон.

“Медуза” басылмасы бирок Су-35 буга чейин бир да жолу өзөктүк курал алып жүрүүдө колдонулбаганын тактады.

Дагы караңыз

Каракалпакстан автономдук республикасынын жетекчиси алмаштыАлиев Лачын шаары Азербайжандын көзөмөлүнө өткөнүн билдирдиУКМК: Пара талап кылган жетекчи милиционер камакка алындыСалык төлөбөгөндөр боюнча рейд башталатМаданият министрлиги 24.kg сайтын убактылуу жабуу чечимин жокко чыгардыЗеленский: Орусия Украина менен Европаны радиациялык апаатка кептедиБекназаров Июнь окуясы боюнча сотто сурак берип чыкканын билдирдиЕАЭБ: Евразиялык камсыздандыруу компаниясын түзүү маселеси талкууланды