Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

ЕАЭБ: Евразиялык камсыздандыруу компаниясын түзүү маселеси талкууланды


Михаил Мясникович жана Акылбек Жапаров. 26-август. 2022. Чолпон-Ата.
Михаил Мясникович жана Акылбек Жапаров. 26-август. 2022. Чолпон-Ата.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Чолпон-Ата шаарында өткөн жыйыны аяктады. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кеңешмеде талкууланган маселелер тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн билдирүү жасады.

Анын айтымында, жыйындын жүрүшүндө Евразиялык кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору каралып, талкууланды. Мындан сырткары тараптар биримдиктеги өнөр жай кооперациясын каржылоо, алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу долбоорунун үстүндө иш алып барууну жана уюмга мүчө мамлекеттердин транспорт чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу интеграциялык инфраструктуралык долбоорлорунун тизмеси жөнүндө маалымат угушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, кеңешменин соңунда мындан аркы жасалчу иштер боюнча тиешелүү буйруктарга жана чечимдерге кол коюшту.

Кеңешменин кийинки отуруму 20-21-октябрда Арменияда өтө турганын комиссиянын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович билдирди.

2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

Жыйынга Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын өкмөт башчысы Алихан Смаилов, Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышты.

ЕАЭБ өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынынын алкагындагы расмий иш-чаралар 25-августта башталып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары тар чөйрөдө жыйынга чогулушкан. Ушул эле күнү аларды президент Садыр Жапаров кабыл алып, эмгек миграциясы биримдиктеги өлкөлөрдө актуалдуу көйгөй экенин белгиледи. Мамлекет башчы артыкчылыктуу багыттардын бири уюмга мүчө өлкөлөргө каттаган жумушчулар үчүн тиешелүү шарттарды түзүү керектигине көңүл бурду.

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG