Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:37

Алиев Лачын шаары Азербайжандын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди


Азербайжандын армиясы Лачын шаарында. 26-август, 2022-жыл.
Азербайжандын армиясы Лачын шаарында. 26-август, 2022-жыл.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн куралдуу күчтөрү Лачын шаарына жайгашып, Забух жана Сус айылдары толук көзөмөлгө алынганын билдирди. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазды.

Лачын району 2020-жылдын 1-декабрында Бакунун көзөмөлүнө өткөн. 2020-жылы Карабакта согуш аяктагандан кийин кол коюлган үч тараптуу билдирүүдө Тоолуу Карабак менен Арменияны байланыштырган туурасы 5 чакырым болгон Лачын коридору “Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн көзөмөлүндө калат” деп айтылган. Расмий Ереван менен Баку Армения менен Карабактын ортосунда жаңы жол курууну макулдашкан. Тынчтык орнотуучу күчтөр ошол аймакка орун которуп, Лачын, Сус жана Забух Азербайжандын карамагына өтүшү керек болчу.

Август айында Баку Лачынды айланып өтүүчү жолдун алар сала турган бөлүгүнүн курулушу аяктаганын кабарлаган. Маршруттун армян бөлүгү азырынча ишке бериле элек. Азербайжандын бийлиги Ереванды курулушту атайылап создуктуруп жатат деп айыптады.

Августтун башында Тоолуу Карабактын бийлиги Лачындагы Агавно айылынын жана Бердзор шаарынын тургундарын 25-августка чейин көчүп кетүүгө чакырып, тургундардын көбү турак жайын таштап кеткен.

Армения менен Азербайжан 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Армения тараптан 4 миңдей, Азербайжан тараптан 3 миңдей адам каза болгону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Шаарды алгандын эртеси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон.

XS
SM
MD
LG