Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:38

Маданият министрлиги 24.kg сайтын убактылуу жабуу чечимин жокко чыгарды


Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 24.kg сайтын убактылуу жабуу тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул маалыматты министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу "Азаттыкка" ырастады.

Мунун алдында аталган сайтты “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, "Амбасадор" мейманканасынын түшкөн арыздын негизинде убактылуу жабуу тууралуу чечим чыкканы белгилүү болгон.

Аталган маалымат агенттиктин сайты 25-августтан тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган. Санариптик өнүктүрүү министрлигине аталган сайтка бөгөт коюу тууралуу көрсөтмөнү Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги берген. 24.kg маалымат агенттигине сайтты жабуу тууралуу алдын ала маалымат берилген эмес.

Министрдин орун басарынын айтымында, “Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамын аткаруу максатында даттануу тартибине ылайык маалыматты өчүрүү тууралуу биринчи чечимди чыгарган. Маалымат өчүрүлбөгөндүгүнө байланыштуу министрлик сайттын ишин эки айга чейин токтотуп туруу чечимин чыгарган.

"Биздин териштирүү боюнча ыйгарым укуктарыбыз жок, ошондуктан чакырып, тактай албайбыз. Көрсөтүлгөн механизм тартипте жазылган, ал кабыл алынган мыйзамдын мыйзамдык актысы болуп саналат. Биз ушул мыйзамга таяндык. Кайрылууда берилген маалыматтар үчүн арыз ээси өзү жооптуу. Ошону менен бирге 24.kg маалымат агенттиги тарабынан мурда жарыяланган маалыматты четке каккан материал жайгаштырылганына байланыштуу токтотуп туруу жөнүндө чечим жокко чыгарылган", - деди Эсенгул уулу.

24.kg шаардагы мейманкалардын биринде туристтердин номеринен өздөрү жок учурда 20 миң доллары жоголгону тууралуу жазган. Милиция текшерүү жүргүзүп, номерге сырттан келгендер кирбегенин аныкташкан. Кийин туристтер дооматтарынан баш тарткан.


Экс-депутат Гүлшат Асылбаева автор болгон “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамына президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирген.

Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга да үндөгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG