Луганск облусунун губернатору Сергей Гайдай Украинанын куралдуу күчтөрү орус армиясы басып алган Луганскинин Кадиевка айылындагы Орусиянын аскердик базасын жок кылганын билдирди. Бул тууралуу ал Телеграм-каналына жазып, аны ырастай турган сүрөттөрдү салды.
Орусия бул маалымат боюнча комментарий бере элек. Согуш маалында көз карандысыз булактардан аны тактоо мүмкүн эмес.
Мунун алдында Сергей Гайдай Луганск облусунун оккупацияланган аймактарында согушту колдогон адамдар азайгандыктан Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) ишин жандантканын айткан. Ушул тапта Луганск облусу дээрлик толугу менен орус аскерлеринин карамагында.
Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.
Дагы караңыз
Маданият министрлиги 24.kg сайтын убактылуу жабуу чечимин жокко чыгардыЗеленский: Орусия Украина менен Европаны радиациялык апаатка кептедиБекназаров Июнь окуясы боюнча сотто сурак берип чыкканын билдирдиЕАЭБ: Евразиялык камсыздандыруу компаниясын түзүү маселеси талкууландыДача СУда кырсык болгон жерден ок-дарылар жыйналып алынганы айтылдыЛатвияда советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен алынды