Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Латвияда советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен алынды


Риганын Жеңиш гүлбагындагы советтик жоокерлердин эстелигин алуу учуру.
Риганын Жеңиш гүлбагындагы советтик жоокерлердин эстелигин алуу учуру.

Латвиянын борбору Риганын Жеңиш гүлбагындагы советтик жоокерлердин эстелиги толугу менен талкаланды. Акыркылардан болуп 79 метрлик стела, ага чейин Кызыл Армиянын жоокерлерин чагылдырган эстелик алынган.

Шаршемби күнү Латвиянын полициясы эстеликтин айланасына барып, аны бузууга каршы чыккан 14 адамды кармаган. Орусиянын Ригадагы элчилиги скульптуралык композициянын бузулушуна жооп катары дипломатиялык жана экономикалык чараларды камтыган сунуштарды даярдаганын билдирген.

Риганын Жеңиш гүлбагындагы “Советтик Армиянын жоокерлерине – Советтик Латвияны жана Риганы фашисттик баскынчылардан бошотуучуларга эстелик” деп аталган мемориалдык комплекс 1985-жылы курулган.

Советтик армиянын жоокерлерине тургузулган эстеликти бузуу чечими май айынын ортосунда Рига шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында кабыл алынган. Латвия коомчулугунун бир бөлүгү аны советтик оккупациянын символдорунун бири деп эсептейт.

16-августта Эстонияда Т-34 мемориалдык танкы демонтаждалган. “Коммерсантъ” басылмасы Литва да советтик жоокерлердин эстелигин сентябрда алууну планап жатканын жазды.

XS
SM
MD
LG