Донецкинин чет жакасында айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы кабарланды

Николаев облусунда согушуп жаткан украиналык аскер. 10-август, 2022-жыл.

Донецк шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан Пески айылынын жака-белинде айыгышкан салгылашуу жүрүп жатканы боюнча кабарлар чыгууда. Өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” (“ДЭР”) деп атап алган жикчилдердин түзүмүнүн мүчөсү Даниил Безсонов 11-августта Телеграм-баракчасына “Пескиде кайнап жатат” деп жазды.

"Калктуу конуш биздики, бирок айылдын түндүк-батыш тарабында каршылык көрсөткөн топтор бар”, - деди ал.

Расмий Киев бул шаарды дагы эле Украинанын куралдуу күчтөрү көзөмөлдөп жатканын билдирди. Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович “орусиялыктардын Пескиге жылуу аракети ийгиликсиз болгонун” кабарлады.

Согуш маалында мындай билдирүүлөрдү көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

2014-жылы Орусия Крым жарым аралын аннексиялап алгандан бери Москва Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы жикчилдерди колдоп келет.

Луганск облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Гайдай 10-августта Орусия аймактагы күчтөрүнүн санын көбөйткөнүн, анын ичинде “ЧВК Вагнер” жеке аскердик тобунун жалданма аскерлерин Кремлге жакын жерге алып келгенин билдирди.

Орусиянын аскерлери 10-августка караган түнү Украинанын Днепропетровск облусун “Град” ракеталык системасы менен аткылалаган. Андан 13 киши набыт болуп, дагы 11 адам жаракат алган.

Дагы караңыз

Латвиянын парламенти Орусияны "терроризмдин демөөрчүсү" деп тааныдыБаткенде мектеп директорлугуна сынактан 60 талапкер өттүИИМ “Азия Моллдон” жардыруучу зат тууралуу кабар түшкөнүн билдирдиТажикстанда АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурган машыгуу башталдыБээжин менен кырдаал курчуп турган маалда Тайван аскердик машыгуу өткөрдүСогушка баруудан баш тарткан орус аскери кыйноого кабылганын айттыДонецк: жикчилдер шаардагы заводду аткылоодон аммиак агып кеткенин кабарлады