Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:10

Бээжин менен кырдаал курчуп турган маалда Тайван аскердик машыгуу өткөрдү


Тайвандагы аскердик машыгуу. 11-август, 2022-жыл.
Тайвандагы аскердик машыгуу. 11-август, 2022-жыл.

Кытай менен Тайвандын ортосунда абал курчуп турган маалда Тайбэй 11-августта аскердик машыгуу өткөрдү. Бир күн мурун эле расмий Бээжин Тайван кысыгынын аймагында тарыхтагы эң масштабдуу аскердик машыгуусун аяктаган.

Тайбэйдин бир саатка созулган машыгуусуна жүздөгөн жоокерлер катышып, бир нече артиллериялык курал тартылды. Ушундай эле машыгуу 9-августта да болгон. Тайвандын куралдуу күчтөрү “эки машыгуу тең алдын ала пландалганын жана Бээжиндин аракеттерине жооп эмес” деп билдирди.

Кытай менен Тайвандын ортосундагы кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси 4-августта аралга жасаган сапарынан кийин курчуп кеткен. Пелоси акыркы 25 жылда аралга учуп келген эң жогорку даражалуу америкалык саясатчы болуп калды. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги сапарды өзүнүн суверенитетин бузуу катары баалаган жана Вашингтон үчүн оор кесепетке алып келерин эскерткен. Ага байланыштуу Кытай Нэнси Пелосиге жана анын үй-бүлөсүнө каршы санкция салды.

Пелоси келип кеткенден кийин Кытай 4-августта Тайвандын тегерегиндеги алты аймакта ок атуучу аскердик машыгууларды баштаган. Тайбэй Кытай армиясынын аскердик машыгуусун келечекте аралды басып алууга даярдык көрүү деп баалап, эл аралык коомчулукту “Тайван кысыгындагы тынчтыкты жана туруктуулукту” коргоого чакырган.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган Гоминдан партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 13 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. АКШ Тайвандын көз карандысыздыгын тааныбайт, бирок Кытайдын аны күч менен кошуп алуусуна каршы чыгып келет.

XS
SM
MD
LG