Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:36

Тажикстанда АКШнын Борбордук командачылыгы уюштурган машыгуу башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

10-августта Тажикстанда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы уюштурган аскердик машыгуу башталды. Кошмо Штаттардын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм “Аймактык кызматташтык - 2022” машыгуусу 20-августка чейин уланарын айтты.

Анын сөзүнө караганда, бул АКШнын Борбор жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен өткөргөн ири аскердик машыгуусу. Элчиликтин билдиришинче, жыл сайын өтө турган машыгуу аймакта туруктуулукту камсыздоо, терроризм менен күрөшүүгө багытталган.

Маалыматка караганда, АКШнын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Пакистандын жана Монголиянын аскер күчтөрү алты күндүк командалык-штабдык машыгууларга катышат. Мындан тышкары Тажикстан менен АКШ беш күндүк эки тараптуу аскердик окууларды өткөрөт.

XS
SM
MD
LG